ЕТӨФ энергетика жана инфраструктура долбоорлорун колдоону улантат
Бүгүн финансы министри Руслан Суйналиев Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушту.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен ЕТӨФтүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.
Тараптар энергетика, суу менен камсыздоо, транспорттук инфраструктура жана социалдык тармактардагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСине жана суу менен камсыздоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлорду алдыга жылдыруу маселеси талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну мындан ары чыңдоого жана Кыргызстандын артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууда өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.


