"Кумтөр" мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери казынага 1,2 млрд доллар төктү

"Кумтөр" мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери казынага 1,2 млрд доллар төктү

Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 2022-жылдын башынан тартып 2026-жылдын июль айына чейин мамлекетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн доллар которду. Бул тууралуу компаниянын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Болотбек Идирисовдун айтымында, ушул жылы алты айда "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому мамлекетке 19 млрд сом төктү.

Ошондой эле компания өзүнүн акционери болгон "Кыргызалтын" ААКсына дивиденд катары 300 млн доллар которгон.

Белгиленгендей, "Кумтөрдүн" быйылкы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы киреше 733 млн долларды түзүп, анын 419 млн доллары таза киреше болду. 

Ал эми мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери компаниянын жалпы кирешеси дээрлик 5 млрд доллар болсо, таза кирешеси 2,2 млрд долларды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media