Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" демилгесин колдой турганын билдирди

Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" демилгесин колдой турганын билдирди

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йоркто өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумда сүйлөп, Кыргызстан АКШнын "Trade Over Aid" ("Жардамдын ордуна соода") демилгесин колдой турганын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Бакыт Сыдыков демилгенин негизги принциптери Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына шайкеш келерин белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө жеке секторду өнүктүрүү, индустриялаштыруу, экспортту диверсификациялоо жана инвестицияларды тартуу артыкчылыктуу багыттар катары аныкталган.

Министр АКШ менен кызматташуунун келечектүү багыттары катары гидроэнергетиканы, стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендерди өздөштүрүүнү, маалыматтык технологияларды, айыл чарбасын, туризмди жана транспорттук инфраструктураны атады.

Ошондой эле ал Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аймактагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзө турган маанилүү транспорттук долбоорлордун бири экенин белгиледи.

Бакыт Сыдыков деңизге түз чыгуусу жок мамлекеттер үчүн заманбап инфраструктура, каржылоого жеткиликтүүлүк жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Мындан тышкары, эл аралык техникалык жардам сооданы кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана өлкөлөрдүн экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталышы керектигин баса белгиледи.

Министр сөзүнүн соңунда Кыргызстандын негизги максаты сооданы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандыруу жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media