Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетет

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетет

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү Ангрен шаарындагы "Ташкент" эркин экономикалык аймагына иш сапары менен барып, өнөр жай кооперациясын жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү "Ташкент" эркин экономикалык аймагынын дирекциясынын директору Галибжан Эшмирзаев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, ошондой эле кыргыз жана өзбек ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы эркин экономикалык аймактын ишмердүүлүгү менен таанышып, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, мамлекеттик колдоо механизмдери, ошондой эле салыктык жана бажылык жеңилдиктер тууралуу маалымат алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эркин экономикалык аймактарды башкаруу жаатында тажрыйба алмашууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө жана тиешелүү мекемелердин ортосунда туруктуу кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты.

Министрликтин маалыматына караганда, бул макулдашуулар Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media