Кыргызстан менен Түштүк Корея инвестициялык байланыштарды бекемдейт

Кыргызстан менен Түштүк Корея инвестициялык байланыштарды бекемдейт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангже менен жолугушуп, эки өлкөнүн инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда Түштүк Кореянын инвестицияларын Кыргызстанга тартуу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча укуктук механизмдерди, мамлекеттик кепилдиктерди жана инвестициялык ишмердүүлүктү колдоо чараларын да талкуулашты.

Равшанбек Сабиров Кыргызстанда колдонулуп жаткан инвесторлорду коштоо механизмдери, анын ичинде "бирдиктүү терезе" тууралуу маалымат берип, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Ал Кыргызстан заманбап технологияларды тартууга, жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана Түштүк Корея менен узак мөөнөттүү инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Ким Квангже корей тарап Кыргызстан менен инвестициялык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн байланышын чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media