Негизги капиталга салынган инвестициялар 204,4 млрд сомго жетти

Негизги капиталга салынган инвестициялар 204,4 млрд сомго жетти

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204 миллиард 400 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу инвестициялардын көлөмү ички жана тышкы каржылоо булактарынын көбөйүшүнүн эсебинен өстү.

Тактап айтканда, ички инвестициялар 1,5 эсеге көбөйүп, 166,7 миллиард сомду түздү. Ал эми тышкы инвестициялардын көлөмү 3,2 эсеге өсүп, 37,6 миллиард сомго жетти.

Инвестициялар негизинен турак жай курулушуна, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагына, пайдалуу кендерди казууга, электр энергиясы жана газ менен камсыздоого, кайра иштетүү өнөр жайына жана башка экономикалык тармактарга багытталган.

Белгиленгендей, инвестициялардын эң ири көлөмү Бишкек шаарында, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарында өздөштүрүлгөн.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media