Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны Бишкекте өттү

Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны Бишкекте өттү

Бишкекте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министринин орун басары Лин Цзи тең төрагалык кылган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Эрлист Акунбеков жыйын Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана Кытай жетекчилигинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында уюштурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул жолугушуу эки тараптын позицияларын шайкеш келтирүүгө, биргелешкен аракеттерди координациялоого жана күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле ал мамлекет башчыларынын колдоосу менен "Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан" темир жолунун курулушу башталганын, үчүнчү "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пункту ачылганын жана "Барскоон – Бедел – Үчтурпан – Аксуу" автожолунун курулушу жүрүп жатканын белгилеп, бул долбоорлор эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарарын билдирди.

Өз кезегинде Кытайдын Коммерция министринин орун басары Лин Цзи кытай тарап Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты бардык багыттар боюнча мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.

Жыйындын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоо, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана каржы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Отурумдун жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media