Ысык-Көлдүн Калкагар айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көлдүн Калкагар айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Калкагар айылында 150 орундуу мектептин курулушу уланууда.

Курулуш министрлигинен долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 127 миллион сомду түзөрүн билдирди.

Мектептин курулушу 2025-жылдын июль айында башталган.

Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын чатыры жабылып, шыбак иштери аяктады. Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1336 чарчы метрди түзөт.

Мектепте предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Объекттин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы институтуна 10 айда балдардын укугу боюнча 47 кайрылуу түштү

Панфилов районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргызстан менен Орусия таланттуу жаштарды колдоого алат

Бишкекте кыргыз-армян кызматташтыгы талкууланды

Депутат аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү