Улуттук агенттик Гонконгдун Guosen Securities компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
25-ноябрда инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Гонконгдун Guosen Securities (HK) Brokerage Company, Limited финансылык компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди.
Меморандумдун алкагында тараптар Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо каражаттарын тартуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну көздөшүүдө.
Меморандум инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасына эл аралык капиталды тартууга, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу