Экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукцияларына фитосанитардык сертификат берүү тартиби өзгөрөт
Кыргызстанда экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукцияларына фитосанитардык сертификат берүү тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 10-декабрдан тартып "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пункттарында фитосанитардык сертификаттарды берүү токтотулмакчы. Мындан ары экспорттоочулар фитосанитардык сертификаттарды Бишкек шаарындагы "БишкекТрансСервис" логистикалык борборунан ала алышат. Бул жерде тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, документтер күнү-түнү таризделет.
"Бул өзгөртүү экспортко чыгарылган продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн эскертүүлөрдүн санын азайтуу максатында киргизилүүдө", - деп айтылат түшүндүрмөдө.
Министрлик ошол эле учурда "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" пункттарында чет өлкөдөн Кыргызстанга ташылып келинген продукцияга карата карантиндик фитосанитардык көзөмөл мурдагыдай эле улантыла берерин кошумчалады.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу