"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

Бүгүн "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын Финансылык-кредиттик фонддон кайра түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ал эми уюмдун жалпы тарыхы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд түзүлгөн учурдан тартып 29 жылды камтыйт.

2025-жылдын 17-июлунда Министрлер Кабинетинин токтому менен "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсы түзүлүп, анын укуктук макамы жана негизги ишмердүүлүк багыттары аныкталган.

Бир жыл ичинде холдингдин уставдык капиталы эки эседен ашык көбөйүп, 12,556 млрд сомго жетти. Ошондой эле стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга 45 млрд сомдон ашык бюджеттик кредит берилди.

Мындан тышкары, Аймактарды өнүктүрүү фонддору аркылуу жалпы суммасы 1,2 млрд сомдон ашкан 247 долбоор каржыланды. Ал эми кепилдик берүү механизминин негизинде жалпы көлөмү 119 млрд сомдон ашканинвестициялык долбоорлорду каржылоого шарт түзүлдү.

Холдингдин колдоосу менен транспорт жана энергетика, өнөр жай, айыл чарба, авиация, саламаттык сактоо тармактарында, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести колдоого багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштердин алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджетке болжол менен 1,4 млрд сом дивиденд которулуп, мамлекеттик катышуусу бар компаниялардын капиталдашуусу өскөнү белгиленди.

Маалыматка ылайык, "Мамлекеттик финансылык холдинг" алдыдагы мезгилде да мамлекеттик колдоо механизмдерин кеңейтүүнү, жаңы инвестицияларды тартууну жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media