Чүйдө 5,5 млн долларлык айнек заводу ишке кирүүгө даярдалууда

Чүйдө 5,5 млн долларлык айнек заводу ишке кирүүгө даярдалууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Чүй облусунун Новопокровка айылында курулуп жаткан "Гласс Центр" ЖЧК КӨ БИнин өндүрүш комплексине барды.

Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, иш сапар инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө алкагында уюштурулган.

Сапардын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров айнек пакеттерин жана жарыкты чагылдыруучу айнектерди чыгаруучу заманбап заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышып, инвесторлор жана ишкананын жетекчилиги менен объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштерин талкуулады.

Анын айтымында, мындай инвестициялык долбоорлор өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырып, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышына жана жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Долбоор кыргыз-өзбек инвестициялык кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылып жатат. Жалпы инвестициянын көлөмү 5,5 млн АКШ долларын түзөт. Каражаттын 50,7%ы Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, 49,3%ы инвесторлордун өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздалган.

Завод ишке берилгенден кийин өлкөдө курулуш айнектерин өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, импортко болгон көз карандылык азаят. Ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга салым кошору белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media