"Унаа" программасы боюнча 296 жаранга кепилдик берилди
"Кепилдик фонд" ААКсынын "Унаа" кепилдик продуктусу мамлекеттик жеңилдетилген автокредиттөө программасынын катышуучулары арасында суроо-талапка ээ болууда.
Фонддун маалыматына ылайык, программа ишке киргенден бери жарандарга жалпысынан 296 кепилдик берилген. Анын ичинен 142 кепилдик же жалпы көлөмдүн дээрлик жарымы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында таризделген.
"Унаа" кепилдик продуктусу ата мекендик өндүрүштө чыгарылган автоунааларды сатып алууну каалаган, бирок баштапкы төлөм үчүн өз каражаты жетишсиз болгон жарандарды колдоого багытталган. Мындай учурда "Кепилдик фонд" банк алдында кепилдик берип, жеңилдетилген автокредит алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Фонд белгилегендей, кепилдик механизминин жардамы менен жарандар жетиштүү күрөөсү же баштапкы төлөмү жок болсо да ата мекендик өндүрүштө чыгарылган автоунааларды сатып ала алышат.
"Кепилдик фонд" мамлекеттик колдоо механизмдеринин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган кепилдик продуктуларын өнүктүрүүнү улантып жатканын билдирди.