Балыкчыда шаардык казынанын кирешеси 250 млн сомго жетти

Балыкчыда шаардык казынанын кирешеси 250 млн сомго жетти

Алгачкы 6 айдын жыйынтыгында Балыкчынын шаардык казынадагы кирешеси 181 млн сомдон 250 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу калаа мэриясынын өнүгүү отчетунда көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, коопсуздукту күчөтүү максатында 13 мектепке жана 6 бала бакчага жаңы видеокөзөмөл камералары орнотулуп, алар "Коопсуз шаар" тутумуна кошулду. Ошондой эле "Санарип Аймак" маалыматтык тутумуна 2,5 миң жаран катталды.

Шаарда 133 орундуу заманбап "Балык Базары" пайдаланууга берилип, "Жаштар аллеясы" менен "Балыкчы" сейил багы толугу менен оңдолду.

Мэриянын айтымында, учурда ири инвестициялык долбоорлор да ишке ашырылып жатат. Алардын катарында Ж. Абдрахманов көчөсүнүн 500,1 млн сомдук калыбына келтирүү иштери (85% аяктаган), жаңы муниципалдык базардын курулушу, 100 орундуу реабилитациялык борбор, "Ийгилик-2" заманбап жылуулук борбору, жаш дарыгерлер менен мугалимдер үчүн социалдык турак жайлар, №7 "Келечек" жана Көк-Мойнок-1 жаңы бала бакчалары, "Таза келечек" эко-заводу жана 6,5 чакырымдык түштүк-чыгыш айланма жолу бар.

Алдыдагы мезгилде шаардык казынанын эсебинен 5 даана заманбап автобус сатып алуу жана Карыбаев көчөсүндөгү аллеяны жаңылоо мерчемделген.

Балыкчы шаарында жүргүзүлүп жаткан бул иштер тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга, шаарды заманбап жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсүнө айландырууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Сууну үнөмдөө үчүн "Кыргызсуу долбоор" кошуна өлкөлөр менен кызматташат

Сууну үнөмдөө үчүн "Кыргызсуу долбоор" кошуна өлкөлөр менен кызматташат

Суу ресурстары кызматына караштуу "Кыргызсуу долбоор" ААКнын төрагасы Эрмек Дурусалиев баштаган делегация 15-18-сентябрда Казакстан менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, Алматы шаарында "ADAMANT Inc." компаниясы менен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү, Кыргызстандын климатына ылайык долбоорлорду иштеп чыгуу талкууланып, кызматташуу

Ишкер Media
“Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда

“Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда. КР Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу 8 256 жеңилдетилген кредит берилип, алардын жалпы суммасы 5 млрд 448 млн сомду түздү. Маалыматка ылайык, кредиттер жылдык 6 пайыздык үстөк чен

Ишкер Media
Күйүүчү майдын баасы жыл аягына чейин жогорулабайт

Күйүүчү майдын баасы жыл аягына чейин жогорулабайт

Кыргызстан мунайзаттарды сырттан ташыгандыктан, дүйнөлүк баа түздөн-түз ички рынокко таасир этет. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, сырткы баанын кескин өсүшүн кармап туруу үчүн мамлекет субсидия механизмин колдонууда. 24-25-августка карата нефтетрейдерлерге 956 млн 139 миң сом компенсация берилген. Механизм 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Азыр чекене

Ишкер Media
Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады: “Единая Россия” 355 мандат алууга талапкер

Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады: “Единая Россия” 355 мандат алууга талапкер

Россияда Мамлекеттик Думага шайлоодо үч күнгө созулган добуш берүү аяктап, алгачкы жыййынтыгы белгилүү болду. РФнын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгына ылайык, президент Владимир Путиндин “Единая Россия” партиясы Мамлекеттик Думадагы 450 мандаттын 355ине ээ болушу мүмкүн. Бул партиянын буга чейинки көрсөткүчүнөн жогору. Добуштардын 95,16%ы эсептелген учурда “Единая Россия”

Ишкер Media