“Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда

“Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоору ишке ашырылууда. КР Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу 8 256 жеңилдетилген кредит берилип, алардын жалпы суммасы 5 млрд 448 млн сомду түздү.

Маалыматка ылайык, кредиттер жылдык 6 пайыздык үстөк чен менен 36 айга чейинки мөөнөткө берилүүдө. Каржылоонун негизги бөлүгү — 4 млрд 939 млн сомго жакыны мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Өсүмдүк өстүрүүгө 445,2 млн сом, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө 63,3 млн сом бөлүнгөн.

Бул каражаттар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө ишин кеңейтүүгө жана өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзөт. Долбоордун алкагында берилген насыялар ата мекендик продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана ички рынокту керектүү товарлар менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)