Сууну үнөмдөө үчүн "Кыргызсуу долбоор" кошуна өлкөлөр менен кызматташат
Суу ресурстары кызматына караштуу "Кыргызсуу долбоор" ААКнын төрагасы Эрмек Дурусалиев баштаган делегация 15-18-сентябрда Казакстан менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, Алматы шаарында "ADAMANT Inc." компаниясы менен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү, Кыргызстандын климатына ылайык долбоорлорду иштеп чыгуу талкууланып, кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Ташкентте делегация DEBYUT, "AgroTomçi suğoriş tizimlari" жана "Аква консалт" компанияларынын өндүрүшү менен таанышып, заманбап сугат жабдууларын өндүрүү технологияларын көрдү.
Жыйынтыгында өзбек өнөктөштөрү менен да меморандумга кол коюлду. Макулдашуулар Кыргызстанда суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.