Күйүүчү майдын баасы жыл аягына чейин жогорулабайт

Күйүүчү майдын баасы жыл аягына чейин жогорулабайт

Кыргызстан мунайзаттарды сырттан ташыгандыктан, дүйнөлүк баа түздөн-түз ички рынокко таасир этет. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, сырткы баанын кескин өсүшүн кармап туруу үчүн мамлекет субсидия механизмин колдонууда. 24-25-августка карата нефтетрейдерлерге 956 млн 139 миң сом компенсация берилген. Механизм 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Азыр чекене баалар:

• АИ-92 бензини - 87,90 сом;

• дизелдик отун - 99,90 сом;

• автогаз - 48,80 сом.

Энергетика министрлиги билдиргендей, мамлекеттик колдоо болбосо, бензин 111-118 сом, дизель 125-137 сом, газ 51-54 сомго чейин кымбаттамак.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)