Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады: “Единая Россия” 355 мандат алууга талапкер

Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады: “Единая Россия” 355 мандат алууга талапкер

Россияда Мамлекеттик Думага шайлоодо үч күнгө созулган добуш берүү аяктап, алгачкы жыййынтыгы белгилүү болду. РФнын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгына ылайык, президент Владимир Путиндин “Единая Россия” партиясы Мамлекеттик Думадагы 450 мандаттын 355ине ээ болушу мүмкүн. Бул партиянын буга чейинки көрсөткүчүнөн жогору.

Добуштардын 95,16%ы эсептелген учурда “Единая Россия” 57,83% добуш алган. Экинчи орунда КПРФ — 13,81%, үчүнчүдө ЛДПР — 8,98%, төртүнчүдө “Новые люди” — 7,96% менен келе жатат. “Справедливая Россия” 4,96% добуш алып, 5 пайыздык босогодон өтпөй турганы көрсөтүлүүдө.

Алдын ала эсеп боюнча КПРФ 40, ЛДПР 25, “Новые люди” 20, “Справедливая Россия” 4, “Родина” 1 мандат алышы мүмкүн. Дагы 4 мандат өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге тийиши ыктымал.

Шайлоонун жыйынтыгы азырынча акыркы эмес. Добуштарды эсептөө 21-сентябрда аяктары, расмий жыйынтык 25-сентябрдан эрте жарыяланбашы күтүлүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого катышуу көрсөткүчү 59,32% түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media