Санкциялык тобокелдиктер: 3 компаниянын иши токтотулуп, 40ка жакыны текшерилүүдө

Санкциялык тобокелдиктер: 3 компаниянын иши токтотулуп, 40ка жакыны текшерилүүдө

Кыргызстанда эл аралык санкциялык тартиптерди сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда өткөн кеңешмеге мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты. Жыйында Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү менен санкциялык талаптарды сактоо багытындагы кызматташтыгы жана көрүлүп жаткан чаралар каралды.

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Сыдыков Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен өткөн жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Анда Кыргызстандын санкциялык режимдерди кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери өнөктөштөр тарабынан оң бааланып жатканы белгиленди.

Ошондой эле санкциялык тобокелдиги жогору болушу мүмкүн болгон компанияларга карата текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Кеңешмеде "ЭкоИсламик Банктын" өкүлдөрү банк санкциялык тизмелерге киргизилген жеке жактарга жана компанияларга кызмат көрсөтүү боюнча операцияларды жүргүзбөй турганын маалымдашты.

Жыйында акыркы үч жуманын ичинде санкциялык тобокелдиктерди азайтуу багытында бир катар чаралар көрүлгөнү айтылды. Анын ичинде "Шисан", "Рама Групп" жана "Нова Проект" ЖЧКларынын ишмердүүлүгү токтотулуп, бир криптокомпаниянын лицензиясы кайтарылып алынган.

Ошондой эле июндун соңунан бери санкциялык тобокелдиги жогору болгон 40ка жакын компания аныкталып, алар боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бул субъекттер боюнча текшерүүлөрдү бир жуманын ичинде аяктоо тапшырылды.

Министрлик эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну улантып, экспорттук көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштерди улантарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Айбек Жунушалиев Чаншанын тажрыйбасын Бишкекте колдонууну талкуулады

Айбек Жунушалиев Чаншанын тажрыйбасын Бишкекте колдонууну талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын комплексине барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Делегацияны компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого кабыл алды. Ишкананын өкүлдөрү таштандыларды кайра иштетүүнүн технологиялык цикли,

Ишкер Media
Ошто 100 млн долларлык ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Ошто 100 млн долларлык ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптардын милдеттери төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: • Мэрия мыйзам чегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого жана уюштуруу, административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт. • Ал эми инвестор долбоорду

Ишкер Media
Садыр Жапаров АКШда лыжа курортунун долбоору менен таанышты

Садыр Жапаров АКШда лыжа курортунун долбоору менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатындагы Deer Valley лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордо заманбап мейманкана, турак жай, спорттук жана туристтик инфраструктурасы бар, жыл бою иштей турган жаңы курорттук кластерди түзүү каралган.Тоолуу аймактарды комплекстүү пландаштырууга,

Ишкер Media
GovTicket аркылуу “Бишкек Аренанын" ачылышына акысыз билеттер бериле баштады

GovTicket аркылуу “Бишкек Аренанын" ачылышына акысыз билеттер бериле баштады

5-октябрда “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышына арналган шоу-концерт өтөт. Ага кирүү акысыз, бирок көрүүчүлөр алдын ала катталып, билет алышы шартталат. Билетти электрондук билеттердин мамлекеттик порталы GovTicket аркылуу алуу мүмкүндүгүн аталган аянтчадан билдиришти. Биринчи этапта көрүүчүлөр үчүн 10 миң билет ачылды. Ошол эле учурда сайтка түшкөн жүктөмдүн көбөйүшүнө байланыштуу

Ишкер Media