Айбек Жунушалиев Чаншанын тажрыйбасын Бишкекте колдонууну талкуулады

Айбек Жунушалиев Чаншанын тажрыйбасын Бишкекте колдонууну талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын комплексине барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Делегацияны компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого кабыл алды. Ишкананын өкүлдөрү таштандыларды кайра иштетүүнүн технологиялык цикли, экологиялык көзөмөл системасы жана электр энергиясын өндүрүү процесси тууралуу кеңири маалымат беришти.

Маалымдалгандай, комплекстин кубаттуулугу суткасына 10 миң тоннадан ашык калдыкты кайра иштетүүгө жетет.

Иш сапардын жүрүшүндө зыяндуу заттардын абага чыгарылышын тазалоонун заманбап технологияларына, өндүрүштү автоматташтырылган көзөмөлдөөгө жана калдыктарды коопсуз утилдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Сапар Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүү комплексинин экинчи этабын ишке ашырууга даярдык көрүү алкагында практикалык мааниге ээ. Аталган долбоор да Junxin компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Заводдун биринчи этабы суткасына 1000 тонна калдыкты кайра иштетүүгө эсептелген. Экинчи этап аяктагандан кийин жалпы кубаттуулук суткасына 3000 тоннага жетет.

Жыйынтыгында тараптар Чанша шаарынын тажрыйбасын Бишкекте калдыктарды кайра иштетүү жана экологиялык таза электр энергиясын өндүрүү системасын өнүктүрүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media