Садыр Жапаров АКШда лыжа курортунун долбоору менен таанышты
Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатындагы Deer Valley лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордо заманбап мейманкана, турак жай, спорттук жана туристтик инфраструктурасы бар, жыл бою иштей турган жаңы курорттук кластерди түзүү каралган.Тоолуу аймактарды комплекстүү пландаштырууга, заманбап архитектурага, алдыңкы мейманкана бренддерин жана жеке инвестицияларды тартууга, ошондой эле суу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.
Президент ошондой эле жаратылыш ландшафтын сактоо жана курортко жыл бою конокторду кабыл алууга шарт түзгөн инфраструктураны өнүктүрүү ыкмалары менен таанышты.


