Ошто 100 млн долларлык ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Ошто 100 млн долларлык ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптардын милдеттери төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
• Мэрия мыйзам чегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого жана уюштуруу, административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.
• Ал эми инвестор долбоорду өз каражаты жана тартылган инвестициялардын эсебинен каржылап, долбоорлоону жана курулушту ишке ашырат, ошондой эле керектүү технология, жабдуулар жана адистер менен камсыз кылат.

Инвестициянын так көлөмү, курулуш мөөнөттөрү жана курула турган заводдордун тизмеси өзүнчө келишимдер менен бекитилет. Долбоор ишке ашса, шаарда 500 жаңы жумуш орду түзүлүп, Ош шаарынын экономикалык дарамети жогорулайт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады