GovTicket аркылуу “Бишкек Аренанын" ачылышына акысыз билеттер бериле баштады

GovTicket аркылуу “Бишкек Аренанын" ачылышына акысыз билеттер бериле баштады

5-октябрда “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышына арналган шоу-концерт өтөт. Ага кирүү акысыз, бирок көрүүчүлөр алдын ала катталып, билет алышы шартталат. Билетти электрондук билеттердин мамлекеттик порталы GovTicket аркылуу алуу мүмкүндүгүн аталган аянтчадан билдиришти.

Биринчи этапта көрүүчүлөр үчүн 10 миң билет ачылды. Ошол эле учурда сайтка түшкөн жүктөмдүн көбөйүшүнө байланыштуу порталда убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр жаралышы мүмкүн.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев расмий ачылышы 5-октябрда акысыз чоң шоу-программанын коштоосунда өтөрүн жана ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулуп жаткандыгын билдирген. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша албай калгандар үчүн, бул жакшы жаңылык экенин кошумчалаган.

Жалпысынан 5-октябрда трибуналар жана фан-зона менен кошо 60 миңге жакын көрүүчүнү кабыл алуу пландалууда.

 Билетти кантип алса болот?

Акысыз билет алуу үчүн:

 -        ticket.gov.kg. мамлекеттик порталына кирүү;
-        5-октябрдагы “Бишкек Аренанын” ачылышына арналган иш-чараны табуу;
-        Каттоодон өтүп, акысыз билетти тариздөө керек.

Коопсуздук максатында стадиондо Face ID системасы колдонулат. Каттоодон өткөн көрүүчүлөр аренага жүздү таануу технологиясы аркылуу киргизилет.

Билеттер бериле баштагандан кийин GovTicket порталы жүктөмдүн көбөйүшүнө байланыштуу сайтта убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр жаралышы мүмкүн экенин эскертти. Эгер катталууда же билет тариздөөдө ката чыкса, бир нече мүнөттөн кийин кайра аракет кылуу сунушталат. Адистер порталдын ишин турукташтыруу боюнча чараларды көрүшүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media