Нарында 6 ай ичинде 1 млрд сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

Нарында 6 ай ичинде 1 млрд сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

Нарын шаарынын өткөн 6 айга карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары чыгарылды.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымында, шаарда 2026-жылдын 6 айында 1 млрд 171,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 117,5% түздү.

Нарын шаарында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 107,6 %га аткарылып, өсүү темпи 142,7% түздү. Мунун ичинен республикалык бюджет 114,1%га, жергиликтүү бюджет 101,3 %га аткарылды.

Учурда Нарын шаары боюнча 2026-жылга карата 43 обьектиде болжолдуу 7 млрд 810,2 млн сомдук курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Алып айтканда республикалык бюджеттен 12, Турукташтыруу фондунан 5, Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан 4, инвесторлор жана демөөрчүлөрдөн 8, жергиликтүү бюджеттен жана донорлордон 14 обьект курулуп жатат.

Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 17 млн 123,8 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 7 млн 124,9 миң сом жумшалууда.

Жыйында ички жолдорду тейлөө, шаардын сантирадык тазалыгын камсыздоо, жашылдандыруу-көрктөндүрүү, таза суу менен камсыздоо, саркынды суу тутумун тейлөө, мунициипалдык менчикти башкаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо, спорт маданият тармактарындагы иш аракеттер жана жыйынтыктар талкууланып натыйжасына баа берилди.

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев шаардык мекеме-ишкана башчыларына тейлөө кызматтарынын ишин жакшыртуу менен сапаттуу иш алып барууну белгилеп бир катар милдеттерди белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык

Ишкер Media
Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Ишкер Media
Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери

Ишкер Media
XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-

Ишкер Media