Чайга айына канча акча коротосуз? - бир чыныдан башталган чоң экономика
Кыргызда кеңеш да, келишим да, көп маселелердин чечими да чай үстүндө табылат. Чарчоонун, сууктун, а түгүл ысыктын да дабасы – чай. Кыскасы, биз үчүн ал жөн гана суусундук эмес, жылуу мамиленин, баарлашуунун жана күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү.
Бирок эртең мененки дасторкондон башталып, кечки маекке чейин коштогон ушул адаттын артында чоң керектөө жана бүтүндөй бир рынок турганын көп учурда байкабайбыз.
Кыргызстан чайга жылына канча каражат коротот? Өлкөдө бул тармак кандай өнүгүп жатат? “Ишкер”Медиа ушул суроолорго жооп издеп көрдү.
Байкалбаган туруктуу чыгым
Кыргызстанда чай негизги азык-түлүктөрдүн катарына кирет. Бирок бир нече жыл мурдагы наркы менен азыркысынын айырмасы сезилерлик. Мисалы, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылы 100 грамм кара чайдын орточо баасы 99 сом болсо, 200 граммдык таңгак 200 сомдун тегерегинде сатылган.
Бүгүн дүкөндөрдө анын эң жөнөкөй жана чакан таңгагы 110-150 сомдон башталса, орто сегменттеги 200 граммдык таңгактар адатта 300-600 сомдун айланасында сатылат. Ал эми премиум бренддердин баасы 700-1000 сомдон да ашат. Сатып алуучу бир жолку чыгымды анча сезбегени менен, чай үй-бүлөнүн дасторконунан үзүлбөгөн азык болгондуктан, бул чыгым ай сайын кайталанып турат.
Муну жөнөкөй эле үй-бүлөнүн мисалында элестетип көрсөк болот. Үйдө чоң ата, чоң апа, ата-эне жана беш бала жашайт дейли. Эртең менен баары чай ичет, күндүз дагы бир нече жолу, кечинде дасторкон кайра чай менен жыйынтыкталат. Мындай үй-бүлө бир айда 1,5–2 килограммга чейин чай колдонушу мүмкүн. Эгер орточо баада сатып алса, айына болжол менен 2 миңден 2,5 миң сомго чейин сарптайт. Бул кант, сүт же таттууларды кошпогондогу чыгым.

Миңдеген тонна жана миллиондогон долларлык рынок
Бир караганда жогорудагы сумма чоң деле көрүнбөшү мүмкүн. Бирок миңдеген үй-бүлөлөрдүн чыгымын бириктиргенде, чай жөн гана адат эмес, чоң рынок экени көрүнөт. Дал ушул күн сайын кайталанган майда сатып алуулар Кыргызстанда чайга болгон суроо-талапты түзүп, сырттан сатып алууга мажбурлайт.
Тышкы соода боюнча статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстан 2026-жылдын январь–май айларында 1,1 миң тонна чайды 3,7 млн долларга сатып алган.
Чайдын эң көп көлөмү Казакстандан келген. Бул өлкөдөн 269 тонна чай ташылып, жалпы импорттун 23,8%ын түзгөн. Андан кийинки орундарда Кения (245 тонна), Кытай (225 тонна) жана Шри-Ланка (220 тонна) турат.
Ушул жерден кийинки суроо жаралат: эгер кыргыздар чайды ушунчалык көп ичсе, эмне үчүн аны өзүбүз өндүрбөйбүз?

Чайдын сырттан келген себеби
Кыргызстан жыл сайын миңдеген тонна чай импорттогону менен, өлкөдө кадимки кара чайдын жалбырагын өстүргөн ири плантациялар жок. Анын негизги себеби — климат. Кара чай алынган Camellia sinensis өсүмдүгү жыл бою жылуу жана нымдуу абаны талап кылат.
Ал негизинен субтропикалык климатта, жаан-чачын мол жааган аймактарда жакшы өсөт. FAO жана Encyclopaedia Britannica уюмдарынын маалыматына ылайык, мындай шарттар Кытай, Индия, Кения жана Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдө кеңири кездешет.
Кыргызстандын климаты болсо кескин континенттик. Чай плантацияларын өнөр жайлык көлөмдө өстүрүү экономикалык жактан да, агротехникалык жактан да ылайыктуу эмес. Ошондуктан өлкөдөгү дүкөндөрдө сатылган кара чайдын дээрлик баары сырттан импорттолот.

Чай рыногундагы жергиликтүү мүмкүнчүлүк
Бирок бул Кыргызстанда кара чай таптакыр өндүрүлбөйт дегенди билдирбейт. Импорттолгон чайды кайра иштетип, таңгактап жана ички рынокко чыгарган компаниялар бар. Алардын бири — “Бета Кыргызстан Интернешнл”.
Ал Улуттук статистика комитети менен Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарынын негизинде түзүлгөн Кыргызстандагы тез өнүгүп жаткан жана эң кирешелүү ТОП-500 компаниянын катарына кирет. Ишкана өлкөгө импорттолгон чийки затты даяр товарга айлантып, соода түйүндөрүнө жеткирет. Мындай өндүрүш өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө шарт түзөт.
Импорттолгон чайды өлкө боюнча таратууда да жергиликтүү дистрибьюторлордун ролу чоң. Орусиянын “Орими Трэйд” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөгө Greenfield, Tess, “Шах”, “Принцесса Нури”, “Ява”, “Канди” сыяктуу белгилүү бренддерди алып келет. Ошондой эле “Туркуаз Трейд”, “Альянс Продукт” жана “Абсолют Групп” сыяктуу ишканалар да чайларды чекене соода тармактарына жеткирет.
Демек, Кыргызстан кара чайдын жалбырагын өстүрбөсө да, импорт менен гана чектелбейт. Анын айланасында бүтүндөй бир бизнес чынжыр бар. Бул чынжырга кампада сактоо, жүк ташуу, жеткирүү, дүң жана чекене соода тармактары кирет. Башкача айтканда, жергиликтүү ишкерлер үчүн да ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзсө болот.
Бир мисалы катары, Улуттук инвестиция агенттигинин маалыматына ылайык, 26-июнда Beta Tea компаниясы Ош жана Чүй облустарында чай өндүрүүчү фабрика курууну сунуштаган. Эгер долбоор ишке ашса, импорттолгон чийки затты өлкө ичинде кайра иштетүүнүн үлүшү өсүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чай тармагындагы кошумча наркты Кыргызстанда калтырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жаңы кадамдар
Чай рыногунда даяр таңгакталган чайлардын кеңири жайылышы менен элдин күнүмдүк тандоосу да өзгөрдү. Бүгүнкү күндө “чай” дегенде дароо эле кара чайды элестетебиз. Бирок кыргыздар мурда эле колдонуп келген тоо чөптөрүнөн даярдалган чайларды кайрадан кеңири жайылтууга болот.
Бүгүнкү күндө мындай табигый чайларды мурдагыдай үй шартында гана эмес, даяр түрдө элге сунуштоого мүмкүнчүлүк бар. Анткени шаарда же алыскы аймактарда жашаган адамдар үчүн тоого барып өсүмдүк чогултуу дайыма эле мүмкүн боло бербейт.

Алсак, Кыргызстандын өсүмдүктөрүнөн даярдалган чайлар акырындап ички рынокто өз ордун табууда. Мисалы, “ЭкоФлорис” компаниясынын “Букеты Иссык-Куля” бренди жергиликтүү өсүмдүктөрдөн даярдалган чөп чайларын чыгарат. Мындай чайлар табигый курамы жана жергиликтүү чийки затты колдонгону менен айырмаланып, 50 граммы орточо 170 сомдон сатылат.
Келечекте бул багытта ар түрдүү чайларды көбөйтүүгө болот. Мисалы, жалбыз, ит мурун, кийик оту, көкөмерен жана мөмө-жемиш кошулган аралашмалар кыргыздын табигый өзгөчөлүгүн көрсөткөн жергиликтүү товарга айланышы мүмкүн. Мындай чайлар ички рынокто гана эмес, Кыргызстанды тааныткан өндүрүм катары да кызыгуу жарата алат.
Эгер бул багытта өндүрүш көбөйүп, ири ишканалар жана атаандаштык пайда болсо, өсүмдүктөрдөн жасалган чайлар кайрадан күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланып, жаңы чай маданияты калыптанышы толук мүмкүн. Бул элге өз жерибизде өскөн табигый азыктарды тандоого жана ыңгайлуу баада сатып алууга шарт түзөт.