Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

2026-жылдын май айынын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан берки беш айда мамлекеттик карыз 1 миллиард доллардан ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз азайып, ички карыз, тескерисинче өскөн.

Май айынын аягына карата өлкөнүн тышкы карызы 5 миллиард 212,3 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 133 миллион долларга аз. Ал эми ички мамлекеттик карыз 4 миллиард 739,6 миллион долларга жетип, беш ай ичинде 1 миллиард 166 миллион долларга көбөйгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды