Саламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы 2025-жылга карата Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын мекемелеринин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, бюджеттик каражаттарды пайдалануу негизинен мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

Бирок аудиттин жүрүшүндө эмгек акыны мыйзамсыз төлөө, курулуш иштеринин көлөмүн негизсиз көбөйтүү, бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы ченемдерди бузуу жана негизсиз киреше алуу фактылары аныкталган.

Мындан тышкары, бухгалтердик эсептин так жүргүзүлбөгөндүгүнөн негизги каражаттар менен дебитордук карыздардын толук эсепке алынбаганы, бирдиктүү казыналык эсептен сырткары жүргүзүлгөн чыгымдар жана бюджеттик жоготуулар белгиленген.

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигине аныкталган кемчиликтерди жоюу, каражаттарды калыбына келтирүү жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди. 

Ошондой эле министрликтин карамагындагы мекемелерде аныкталган олуттуу каржылык мыйзам бузуулар боюнча үч материал укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media