Пенсия 1700 сомго көбөйөт
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымына караганда, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомду түзөт.
Учурда минималдуу пенсия 7100 сом болсо, жаңы өзгөртүү менен ал 1700 сомго көбөйөт.
Касымалиев пенсияны жогорулатууга Социалдык фондго түшкөн каражаттын көбөйүшү негиз болгонун белгиледи.