Кыргызстан менен ЕЭК мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен ЕЭК мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматташууну кеңейтет

Бүгүн финансы министри Руслан Сүйүналиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү – атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы кызматташууну кеңейтүү, укуктук механизмдерди өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, электрондук аукцион механизмин колдонуу тартибин тактоо жана дары-дармек каражаттарын эл аралык адистештирилген уюмдар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын жалпы рыногун өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү