Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялары 1 млрд доллардан ашты
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы эки тараптуу каржылоонун эң ири институту бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015–2025-жылдар аралыгында жалпы суммасы 1 млрд 28 млн долларды түзгөн 3 696 долбоор каржыланды.
Анын ичинде:
- 163 ири инвестициялык долбоорго – 735,4 млн доллар;
- 3 533 чакан жана орто бизнес долбооруна – 292,5 млн доллар бөлүндү.
Инвестициялар төмөнкү тармактарга багытталды:
- агроөнөр жай комплекси;
- өнөр жай;
- курулуш материалдарын өндүрүү;
- кайра жаралуучу энергетика;
- транспорт;
- инфраструктура;
- туризм;
- санариптик технологиялар.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Фонд каржылаган ишканалар:
- 172,9 млрд сом өлчөмүндө киреше тапты;
- 342,7 млн доллар продукция экспорттоду;
- 9,8 млрд сом салык төлөдү;
- 33,7 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түздү.