Кыргызстан менен Венгрия технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө
Венгрия–Кыргыз өнүктүрүү фонду венгер технологияларын жана жабдууларын милдеттүү түрдө колдонуу боюнча инвестициялык долбоорлорду каржылоону улантууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, фонддун жарыяланган уставдык капиталы 50 млн долларга чейин көбөйтүлүп, анын ичинен төлөнгөн капиталы 26 млн долларга жетти.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, фонд тарабынан жалпы суммасы 15,65 млн долларды түзгөн долбоорлорду каржылоо бекитилген. Анын ичинен дээрлик 12 млн доллары иш жүзүндө каржыланып, демилгелерди ишке ашырууга багытталды.
Белгиленгендей, фонд негизинен агроөнөр жай комплекси, гидроэнергетика, фармацевтика жана тамак-аш өнөр жайы тармактарындагы долбоорлорго артыкчылык берип, эки өлкөнүн технологиялык жана инвестициялык кызматташтыгын чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда.