Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду 100,5 млн долларлык долбоорлорду бекитти

Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөр жайды жакшыртууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого багытталган долбоорлорду каржылоону улантууда.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор бекитилди. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланды.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында 883 жаңы жумуш орду түзүлүп, 367 бирдик атайын жана коммерциялык техника жеткирилди.

Натыйжада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара товар жүгүртүү 40 млн долларга көбөйгөнү белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга КРнын

Ишкер Media
Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу талкууланды. Айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын

Ишкер Media
Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”

Ишкер Media
"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар. Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык

Ишкер Media