Коомчулуктун демилгелерин мамлекеттен каржылоо механизми жаңыланууда
Кыргызстанда жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизми өркүндөтүлүп жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган механизмдин алкагында шаарлар менен айыл аймактарындагы социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактарды көрктөндүрүүгө багытталган долбоорлор республикалык казынадан каржыланат.
2026-жылдын январь–июнь айларында иш-чаралар планына кирген 13 иш-чаранын 8и аткарылган. Калган 5 иш-чаранын аткаруу мөөнөтү азырынча келе элек.
Маалыматка ылайык, долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жаңыланып, бардык баскычтар үчүн бирдиктүү жана ачык-айкын жол-жоболор киргизилди.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана демилгелүү топтор үчүн окутуулар өткөрүлүп, жалпысынан 168 адам билим алды.
Белгиленгендей, бул иштер жергиликтүү демилгелерди колдоонун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын өз аймактарын өнүктүрүүгө катышуусуна шарт түзүүгө багытталган.
