Чүйдө жаңы завод-фабрикаларды ачууга даярдык көрүлүүдө

Чүйдө жаңы завод-фабрикаларды ачууга даярдык көрүлүүдө

Чүй облусунда жаңы өндүрүш объектилерин ачууга даярдык көрүү жана аймакка инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Чүй облусундагы жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнес өкүлдөрү менен кызматташуусун жакшыртуу, ошондой эле жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун перспективдүү багыттарын аныктоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, аймакка инвестиция тартуу, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду колдоо жана Чүй облусунун инвестициялык потенциалын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар инвестициялык долбоорлорду коштоо боюнча биргелешкен ишти жана өз ара координацияны күчөтүү, ошондой эле инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашты.

Иш сапардын алкагында Улуттук агенттиктин өкүлдөрү "Аква Пром" жана "Хуа Руй" ишканаларынын өндүрүш объектилерин да кыдырышты. Алар ишканалардын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк кубаттуулугу жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты.

Ошондой эле ишканалардын учурдагы маселелери жана мындан аркы өнүгүү перспективалары талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media