Кыргызстанда органикалык өндүрүш аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык өндүрүш аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер уланууда. 2026-жылдын 30-июнуна карата республикада органикалык өндүрүшкө тартылган жерлердин жалпы аянты 101 358,21 гектарды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин маалыматына ылайык, өлкөдө 11 кооператив эл аралык органикалык стандарттарга ылайык продукция өндүрүп, кайра иштетет. Алардын алтоо 2025-жылы сертификат алган.

Кооперативдер пахта, дары чөптөр, өрүк, төө буурчак, грек жаңгагы, мисте жана башка айыл чарба продукцияларын өндүрүп, ички жана тышкы рынокторго чыгарышат. Бул багыттагы жерлердин аянты 11 392 гектарды түзөт.

Мындан тышкары, 37 аймакта органикалык өндүрүш үчүн PGS — катышуучулук кепилдик системасын киргизүү иштери жүрүүдө. Бул аймактардагы жалпы аянт 85 257,04 гектарды түзүп, негизинен жашылча-жемиштер өстүрүлөт.

Ошондой эле облустарда жалпы аянты 4 709,17 гектарды түзгөн пилоттук жеке чарбалар уюштурулуп, өндүрүүчүлөргө PGS жана эл аралык сертификация талаптары боюнча билим берилүүдө.

Органикалык өндүрүштү кеңейтүү жана кыргызстандык органикалык продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча иштер улантылат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media