Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

6-7-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында үч макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйынында билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилип, анын 13ү кеңейтилген форматта каралды.

Биринчи макулдашуу ЕАЭБдин ички рыногунда электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган. Документ онлайн соода үчүн бирдиктүү эрежелерди түзүп, керектөөчүлөрдүн жана ишкерлердин укуктарын коргоону, электрондук документ жүгүртүүнү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоону карайт.

Экинчи макулдашуу ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү брокерлер менен дилерлердин лицензияларын өз ара таанууга жана башка мүчө мамлекеттердин биржалык соодасына түз катышуусуна шарт түзөт.

Үчүнчү документ илимий наамдарды өз ара таанууга байланыштуу. Ага ылайык, илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин тиешелүү документтери кошумча таануу жол-жоболорунан өтпөстөн кабыл алынат.

Мындан тышкары, жыйында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугу талкууланып, 2021–2025-жылдардагы иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Тараптар азык-түлүк көз карандысыздыгын бекемдөө, өз ара сооданы өнүктүрүү жана үчүнчү өлкөлөрдөн импортко болгон көз карандылыкты азайтуу маселелерине көңүл бурушту.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын 2026-жылдын 1–2-октябрында Минск шаарында өткөрүү пландалууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media