Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Кыргызстан ЕАЭБде агроөнөр жай кооперациясын күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн Алматыда Евразия экономикалык бирлигинин Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жетинчи жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйында Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты күчөтүп, өз ара сооданы кеңейтүүнү жана биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүнү сунуштады.

Эрлист Акунбеков заманбап агротехнологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүү, биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды түзүү, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана соодадагы негизсиз тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле кыргызстандык ишканалардын айыл чарбасындагы биргелешкен долбоорлорду каржылоо механизмдерине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрдин айтымында, мындай долбоорлор жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүп, кайра иштетүүнүн жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө шарт түзөт.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы 832,2 млн долларды түзгөн.

Кыргызстан айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын түрүн кеңейтүү, ошондой эле кошумча наркы жогору товарлардын үлүшүн көбөйтүү аркылуу соода көлөмүн мындан ары жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу