Кыргызстанда BARS бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт

Кыргызстанда BARS бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт

Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электр кыймылдаткычында иштеген автоунааларды чыгаруу пландалууда. Учурда автомобиль өнөр жай кластерин түзүү боюнча долбоордун даярдыгы 75%га жетти. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы электр унааларын өндүрүү жана чогултуу каралган.

Алгач өндүрүш ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен башталып, кийин майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүү пландалууда. Мунун негизинде автоунаа тетиктерин жергиликтүү өндүрүшкө киргизүү жана инженердик-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү көздөлүүдө.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миңге чейин автоунааны түзөт. Долбоор 15 гектар аянтта ишке ашырылып, 100 жаңы жумуш ордун түзүү каралган.

Кыргызстанда чыгарылган BARS автоунаалары ички рынокко гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоого багытталат.

Маалыматка ылайык, ишкананы 2026-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизүү пландалууда. Долбоор толугу менен демилгечинин өз каражатынын эсебинен каржыланат. Мамлекет тарабынан жер тилкесин берүү боюнча колдоо көрсөтүлгөн.

Долбоор ата мекендик машина куруу тармагын өнүктүрүүгө, заманбап өндүрүш технологияларын киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media