Кыргызстан менен Жапония соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдайт
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 14-августта Жапониянын тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министри Эри Арфия менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык жетишкендиктери жана өлкөгө инвестиция тартуу үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду.
Бакыт Сыдыков жапон инвесторлору үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин белгилеп, Кыргызстанга салынган инвестицияларды Борбор Азиянын ири рыногунун алкагында кароо маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле министр Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) долбоорлорунун алкагында Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн жапон тарапка ыраазычылык билдирди.
Тараптар "Борбор Азия + Жапония" диалогунун биринчи саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти улантып, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдиришти.



