Кыргызстанда 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром куруу пландалууда

Кыргызстанда 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром куруу пландалууда

13-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ички Монголиянын Талаа маданиятын коргоо жана өнүктүрүү фондунун жана Гонконг Жокей-клубунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанда эл аралык ат спорт комплексин түзүү долбоору тааныштырылды. Комплексте эл аралык деңгээлдеги ипподром, машыгуу базалары, атканалар, ветеринардык жана селекциялык-генетикалык борборлор, мейманкана жана кыргыз жылкы чарбасынын тарых музейин куруу каралууда.

Алдын ала маалымат боюнча, комплекс 70 гектарга жакын аянтка жайгашып, 30 миң көрүүчүгө ылайыкталат. Анда 3 миңге чейин жылкы кармоого шарт түзүлүп, 500дөн ашык орундуу мейманкана куруу пландалууда.

Равшанбек Сабиров долбоорду экономикалык жактан негиздүүлүгүн жана Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кылдат иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Комплексте келечекте эл аралык мелдештерди, асыл тукум жылкылардын көргөзмөлөрүн жана аукциондорун өткөрүү пландалууда. Долбоор ат спортун, жылкы чарбасын жана туризмди өнүктүрүүгө багытталат.

Тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо, жер тилкесин аныктоо жана инвестициялык моделин иштеп чыгуу боюнча иштерди улантууну макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media