Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,4%га өстү
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4%га өскөн.
Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 3 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1%га азайган.
Анын ичинде экспорттук жөнөтүүлөр 5,3%га кыскарса, импорттук түшүүлөр 1,1%га өскөн.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасында эң чоң үлүш Россияга — 67,1%, ал эми Казакстанга 30,6% туура келген.