Финансы министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Финансы министрлигинде каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы Финансы министрлигинин борбордук аппаратында, анын түзүмдүк башкармалыктарында, ага караштуу кызматтарында жана мекемелеринде 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзүүнү аяктады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 110 181,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Аудиттик иш-чаралардын жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 797,6 миң сомдун 10 115,9 миң сому бюджетке кайтарылды. 

Аудиттин жүрүшүндө тиешелүү бюджетке каражаттарды чегерүүдө 9 712,1 миң сом, ал эми бюджеттик каражаттарды башкы бөлүштүрүүчүлөр тарабынан белгиленген ченемдерден ашыкча негизсиз бөлүштүрүүдө 1 096,3 миң сом өлчөмүндөгү бузуулар белгиленген.

Ошондой эле башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылуучу чыгымдарды бюджеттик каражаттардан төлөө боюнча 485,3 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталып, анын ичинен калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 80,0 миң сом кайтарылган эмес. Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 2 103,3 миң сомду түзүп, анын 317,2 миң сому бюджетке калыбына келтирилди. 
Мындан тышкары, милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо боюнча 80 835,2 миң сом өлчөмүндөгү ири бузуу катталып, анын ичинен 5 110,4 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, иш жүзүндө 90,8 миң сому кайтарылды.

Ссудалык жана кредиттик каражаттарды берүүдөгү жана пайдалануудагы 2 826,8 миң сомдук бузуулар толугу менен бюджетке кайтарылды. Бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу 11 574,6 миң сомду түзүп, калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 6 965,0 миң сомдун 6 881,1 миң сому калыбына келтирилди. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулардын суммасы 1 548,0 миң сомду түздү. 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан Финансы министрлигинин борбордук аппаратына, анын түзүмдөрүнө караштуу мекемелерде аныкталган мыйзам бузууларды толугу менен четтетүү, калган карыздарды бюджетке өндүрүү жана финансылык тартипти чыңдоо багытында милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media