Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборунун курулушун аяктоо жана аны расмий ачууга даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Тараптар борборду пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон документтерди мыйзам талаптарына ылайык даярдоо маселесине да токтолушту. Тиешелүү документтер толук даярдалып, белгиленген талаптар аткарылгандан кийин борборду кабыл алуу иштери башталат.

Жаңы борбор аквакультура жана балык өстүрүү тармагын өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media