Эт кымбаттап, жашылча арзандады: жыл башынан бери баалар кандай өзгөрдү?

Эт кымбаттап, жашылча арзандады: жыл башынан бери баалар кандай өзгөрдү?

Жыл башынан бери керектөө баалары 6,7%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында орточо жылдык инфляция 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 10,7%ды түздү.

Тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 5,9%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 7,1%га, азык-түлүк эмес товарлар 5,1%га кымбаттады. Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 10,1%га жогорулады.

Азык-түлүктүн ичинен мөмө-жемиштердин баасы 16%га, эт азыктары 14,5%га өстү. Кой эти 23,1%га, жылкы эти 16%га, уй эти 14,2%га кымбаттады.

Министрликтин маалыматына ылайык, эттин кымбатташына дүйнөлүк баалардын өзгөрүшү, ички сунуштун кыскарышы, сезондук факторлор, ошондой эле тоют, ветеринардык тейлөө жана логистикалык чыгымдардын өсүшү таасир эткен.

Мөмө-жемиштердин кымбатташы сезондук факторлорго, импортко болгон көз карандылыкка жана транспорттук-логистикалык чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу.

Сүт азыктарынын, сырдын жана жумуртканын баасы 7,8%га өстү.

Ошол эле учурда жаңы жашылчалар 24,8%га, картошка 10,7%га, куюп сатылуучу сүт 4%га, күрүч 0,2%га арзандады. Жашылчалардын арзандашы жаңы түшүмдүн эсебинен ата мекендик продукциянын сунушунун көбөйүшү менен байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media