“Коопсуз шаардан” түшкөн акчанын жарымы тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат

“Коопсуз шаардан” түшкөн акчанын жарымы тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” системасынын алкагында түшкөн айып пулдардан калган каражаттын 50%ы тез жардам унааларын сатып алууга жана аларды медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар”компонентин мындан ары өнүктүрүү боюнча токтомуна киргизилди.

Документке ылайык, автоматташтырылган “Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде”катталган мыйзам бузуулар үчүн салынган айып пулдардан түшкөн каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби өзгөрөт.

Учурдагы тартипте каралган чыгымдар төлөнгөндөн кийин калган каражат республикалык бюджетке түшүп, жаңы схема боюнча бөлүштүрүлөт.

Каражаттын жарымы Саламаттык сактоо министрлигине берилет. Аны тез жардам унааларын сатып алууга жана аларды зарыл медициналык жабдуулар менен камсыздоого пайдаланууга уруксат берилет.

Калган 50%ы республикалык бюджетке чегерилет. Ошол эле учурда Укук бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча салынган айып пулдарга эсептелген туумдар бул схема боюнча бөлүштүрүлбөйт. Алар толугу менен республикалык бюджетке түшөт.
Министрлер кабинетинде бул өзгөртүүлөр шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгына байланыштуу киргизилгенин билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигине өз чечимдерин токтомго ылайык келтирүү жана зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Ал эми Финансы министрлиги 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027–2028-жылдарга пландуу мезгил боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдоодо жаңы тартипти эске алышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media
Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго

Ишкер Media