Бишкектеги эки ири долбоорго 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган

Бишкектеги эки ири долбоорго 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган

Бишкекте ири көп функционалдуу комплекстерди курууга багытталган эки инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. "Ак-Кула" ат майданынын мурдагы аймагындагы комплекс менен "Бишкек-Сити" долбоорлоруна жалпы 600 млн доллардан ашык инвестиция каралган.

Мэриянын маалыматына ылайык, "Ак-Кула" ат майданынын мурдагы аймагында көп функционалдуу комплекс куруу долбоорунун инвестициялык көлөмү 300 млн доллардан ашат. Учурда курулуш жана аймакты көрктөндүрүү иштери башталган.

Ошондой эле "Туран Сити" компаниясы менен биргеликте "Бишкек-Сити" көп функционалдуу комплексининдолбоору ишке ашырылууда. Ага 300 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган. Долбоор заманбап шаардык жана коомдук инфраструктура объектилерин түзүүнү көздөйт.

Мындан тышкары, Бишкекте инвестициянын көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөн "Оптима" турак жай комплексинин долбоору иштелип чыккан. Анда турак жайлар, парк, эс алуу зоналары, билим берүү жана маданий инфраструктура объектилери каралган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында шаардагы эки теннис комплексин реконструкциялоо долбоорлору да ишке ашырылууда. Аларга жалпы 440 млн сомдон ашык инвестиция каралган.

Бул долбоорлор борбор калаада жаңы шаардык объектилерди түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media