Бишкектин тазалоочу курулмалары 56 млн долларга жаңыланууда

Бишкектин тазалоочу курулмалары 56 млн долларга жаңыланууда

Бишкек шаарында транспорттук жана коммуналдык инфраструктураны жаңылоого багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)" жана "Бишкек шаарындагы транспорттук жол түйүндөрү" долбоорлорунун алкагында Курманжан Датка көчөсүн реконструкциялоо жана үч транспорттук жол түйүнүн куруу каралган. Долбоорлор боюнча гранттык каржылоонун жалпы көлөмү 32,6 млн долларды түзөт.

Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору ишке ашырылып жатат. Ага 56 млн доллар көлөмүндө инвестиция каралган. Иштер аяктагандан кийин саркынды сууларды тазалоонун жалпы кубаттуулугу суткасына 500 миң куб метрге чейин жетет.

Долбоорлор шаардын жол-транспорттук байланышын жакшыртууга жана коммуналдык инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media