Өзбекстандан документсиз ташылып келген коон артка кайтарылды
Жалал-Абад облусунда фитосанитардык көзөмөл учурунда Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 150 килограмм коон аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жүк Жалал-Абад облусундагы "Кең-Сай" фитосанитардык контролдук посту аркылуу жеңил автоунаа менен ташылып келген. Текшерүүдө коонго тиешелүү коштоочу документтер жана фитосанитардык сертификат жок экени аныкталган.
Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө башкармалыгынын адистери тиешелүү фитосанитардык текшерүү жүргүзүштү.
Мыйзам талаптарына ылайык, фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 150 килограмм коон Өзбекстанга артка кайтарылды.
Фитосанитардык көзөмөл Кыргызстандын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин жана өсүмдүк ооруларынын киришине жана таралышына жол бербөөгө багытталган.