Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Juventus Academy Kyrgyzstan инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Жыйын Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Н. Койчумановдун жетекчилиги алдында өттү.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр футбол борборун, ал эми Ысык-Көл облусунда эл аралык окуу-машыгуу комплексин түзүү каралууда.

Бишкекте спорттук-билим берүү комплексин куруу үчүн аянты 3–5 гектар болгон жер тилкесин бөлүү пландалууда. Комплексте футбол аянтчалары, жабык манеж, ошондой эле 250–400 окуучуга ылайыкталган билим берүү мектеби жайгашат.

Жыйындын жүрүшүндө долбоор үчүн жер тилкесин тандоо, аны ишке ашыруу механизмдерин аныктоо жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен мындан аркы кызматташуу маселелери каралды.

Juventus Academy Kyrgyzstan долбоору балдар жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө, жаш спортчуларды кесипкөй деңгээлде даярдоого, ошондой эле ата мекендик машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media