Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сом субсидия төлөндү

Кыргызстанда бензин, дизель майы жана автогаздын чекене баасын кармап туруу үчүн мунай сатуучуларга дээрлик 1 млрд сом субсидия төлөндү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак,, күйүүчү майдын өздүк наркы май куюучу жайлардагы баадан кыйла жогору. Айырмасын мамлекет бюджеттин эсебинен компенсациялап жатат.

Мисалы, АИ-92 бензининин чыныгы баасы литрине 111–118 сом деп бааланууда. Ал эми май куюучу жайларда анын баасы 87,9 сом. Демек, мамлекет ар бир литр үчүн 23,1–30,1 сом өлчөмүндө компенсация төлөйт. Дизель майынын чыныгы баасы 125–137 сом болсо, чекене баасы 99,9 сомду түзөт.

Компенсациянын көлөмү литрине 25,1–37,1 сом. Автогаз боюнча айырма азыраак. Анын чыныгы баасы 51–54 сом, керектөөчүлөр үчүн баасы 48,8 сом. Мамлекет ар бир литрге 2,2–5,2 сом компенсация берет.
Монополияга каршы кызматтын мисалы боюнча, айдоочу күнүнө 10 литр АИ-92 колдонсо, мамлекет орточо 26,6 сомдук компенсациянын эсебинен анын чыгымын күнүнө болжол менен 266 сомго, айына дээрлик 8 миң сомго субсидиялап жатат.

Монополия кызматы жарандарды унааны үнөмдүү пайдаланууга, жакын аралыкка коомдук транспорт, велосипед, самокат менен жүрүүгө же жөө барууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media